台湾海军执行卸弹作业时砸坏导弹 无人员伤亡
Монтгомери Аламейнский Бернард Лоу (17. 11. 1887, Лондон – 24. 3. 1976, ошол эле жер) – британиялык аскер ишмери, фельдмаршал (1944), виконт (1946). Епископтун ?й-б?л?с?н?н. Сандхерсттеги аскер академиясын б?тк?н (1908). Биринчи д?йн?л?к согушка (1914–18), экинчи д?йн?л?к согуштун (1939–45) башталышында Франциядагы жана Бельгиядагы согуштарга катышкан. 1942-жылы август – 1942-жылы октябрьноябрь айларында Эль-Аламейндин жанында италян-немис аскерлерин талкалаган 8-англис тилинде армияга командалык кылган. 1944-жылы июнда Нормандияга т?ш?р?лг?н (1944, июнь) союздаш армиялар тобунун, 1944-жылдын августунан Бельгияда, Нидерландда жана Т?нд?к Германияда согушкан 21-армиялар тобунун командачысы. 1945-жылы Германияда британиялык оккупациялык аскерлердин башкы командачысы, 1946– 48-жылы империя Генштабынын начальниги, 1948– 51-жылы Батыш союздун Коргонуу ке?ешинин башкы командачылар комитетинин т?рагасы, 1951– 58-жылы НАТОнун Европадагы куралдуу к?чт?р?н?н башкы командачысынын 1-орун басары болуп иштеген. Улуу Британиянын жана чет ?лк?л?рд?н ордендери, а. и. СССРдин ?Же?иш? жана 1-даражадагы Суворов ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 2025-08-061 -7